Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков кечээ эртең мененки саат 8ден бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалып турат. Ага жактоочусун да киргизбей жатат деген маалымат тарады.
“Кармоонун себеби катары талапкер улут аралык кастыкты козуткан делген видеону айтылууда. Бирок Таштанбеков ал видеону жайылткан эмес. Анын атаандаштары үч жыл мурдагы видеону алып, интернетке салып, улам жайылтып жатышат. Эми шайлоодо эң көп алган талапкерди УКМК аркылуу шайлоодон четтетүүгө, кийинки талапкерди өткөрүүгө аракет кылышууда»-дейт жактоочусу Касаналиева.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун 6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда интернеттеги социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан:
“Бул чагымчыл видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан, улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. 4-декабрда анын аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу) каралган кылмыштын белгилери бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон”.