Домой Без рубрики Жаркынай Жумакожоева, айтымчы: «Көлдөн чыккан президент Кыргызстанды саздан чыгарат, 4 жылда...

Жаркынай Жумакожоева, айтымчы: «Көлдөн чыккан президент Кыргызстанды саздан чыгарат, 4 жылда кой үстүнө торгой жумурткалаган жашоого жеткирет»

505

  Төлгөсү төп келген, арбактар менен сүйлөшө билген  касиетке ээ айтымчы, дарыгер, табып Жаркынай Жумакожоева 2016-жылы эле президент көлдөн болоорун, ал президент болгон 4 жыл аралыгында көй үйстүндө торгой жумурткалаган заман болоорун айткан экен.  Бул маек «Асман плюс» гезитине жарыяланып, kyrgyztoday.org сайтына басылган экен. Бүгүн чындап эле көлдөн чыккан Садыр Жапаров президент болуп, эч бир президент батына албаган иштерди жасап, элдин алкоосуна татып отурат. Кошуна мамлекеттер менен болгон мамилени эпке келтиргенин эске албаганда дагы «Кумтөрдү» элдин энчисине алдырганы, шайлоодо административдик ресурсту колдондурбай, бийликти кийлигиштирбей элдин эркин тандоосуна шарт түзгөнү  эле эмне деген эрдик. Төлгөчүнүн 5 жыл мурун айткан сөзү бүгүнкү менен дал келгени үчүн ошол маектин үзүндүсүн берүүнү туура көрдүк. 

-Кийинки президент толук эмес, орто бойлуу арык чырай, чымыр денелүү болот. Буюрса, кийинки президент көлдөн болот деген аян түшүп жатат. Жаңы шайланган президент  Кыргызстанды саздан чыгарат. 4 жылдын аралыгында Кыргызстанда кой үстүнө торгой жумурткалаган жашоо болот. Көлдөн чыккан  президент аябай эмгекчил болот. Эл тынчып, нааразычылыктар жоголуп элдин баары жаңы президентти карап түздөнүп калышат.

 

 

P\S. Ылайым эле президентибиз жакшы иштеп, мамлекетибиз өнүгүп кетсин. Ырааматылык Жаркынай Жумакожоеванын айтканы дал келип, нааразычылыктар жоголгон күнгө жетели.