Домой Жаңылыктар Урмат Самаев, Токмок шаарынын мэри: «Текебаевге кол көтөргөн Ыбыш Эшпаев менин...

Урмат Самаев, Токмок шаарынын мэри: «Текебаевге кол көтөргөн Ыбыш Эшпаев менин айдоочум да, өкүл балам дагы эмес»

310

-Мен Токмок шаарындагы жаштардын 80% тааныйм. Текебаевге кол көтөрдү деген Ыбыш Эшпаев менен чогуу бизнес кылып, чогуу иштеген эмеспиз. Ал тургай  саясатта да  чогуу жүргөн эмеспиз. Шайлоочулардын бири катары эле жүрчү, ал менин айдоочум дагы эмес, өкүл балам дагы эмес. Ал үйлөнгөн дагы эмес. Азыр ар ким ар кайсыны айта беришет. Эми алар мыйзамдуу жооп беришсин. Мен ал видеону көргөн деле жокмун. Каралоо үчүн сотко кайрылам. Ошол учурда силерге кабарлап коем.