Домой Без рубрики  Парламенттеги айлыктарды кыскартуу кырдаалдан чыгуунун оптималдуу варианты эмес

 Парламенттеги айлыктарды кыскартуу кырдаалдан чыгуунун оптималдуу варианты эмес

27

Кечээ президент Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгын кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койду. Ал документке ылайык төраганын айлыгы 30 миң, орун басарыныкы 27 миң, комитет башчы жана фракция лидерлериники 26 миң, депутаттар 25 миң айлык ала турган болду.
Бирок белгилей кетүүчү нерсе, парламенттин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Ибраим Нуракун уулу депутаттардын 2020-жылдагы айлыктарды элге жарыя кылды. Салыштыра келгенде эл өкүлдөрүнүн айлыктары бар болгону 500 сомго кыскарган. Төрага менен анын орун басарыныкы 30 миң, 27 миң болуп өзгөрүүсүз эле калган.
Соцтармактын колдонуучулары мындай оптималдаштыруу менен бюджетти үнөмдөөгө мүмкүн болбостугун адилеттүү түрдө айтышты. Арийне, айлыктары сырткары да алар кошумча акча алаары коомчулукка белгилүү.
Эмгек стажы, класстың чини, демилгелеген мыйзам долбоору, сыйлықтар, алтургай варенье жабууга да акча бөлүнөт. Ошондой эле депутаттар бензин жана канцтоварга, телефон байланышына да каражат алышат.
Депутаттардың кирешеси тууралуу маалымат декларациясына көз чаптырып көрөлү. Алар жылына 600 миң сом киреше табышат.
2020-жылы милдетин убактылуу токтоткон төраға Талант Мамытов 703 355 сом, төрағаның орун басары Аида Касымалиева 618 558, ал эми Айнуру Алтыбаева 1 миллион 60 миң сом киреше тапкан.
«Жалган маалыматтан коргоо» тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири Гульшат Асылбаева да бир жылда  670 350 сом тапкан. Карамушкина 762 миң сом, Марлен Маматалиев 717 507 сом, Дастан Бекешов 1 миллион 279 миң сом, Дастан Жумабеков 835 миң сом. Каныбек Иманғалиев 2 миллион 501 миң сом, Тазабек Икрамов 603 миң, Искендер Матраимов 1 миллион 984 миң жана аны туугандары 5 миллион 348 миң сом киреше табышкан.
Бул декларацияны карап туруп алардын 25-30 миң сомдон көп айлык алышаарын билүүгө болот.
Азамат Арапбаевдин жылдык кирешеси 54 миллион 405 миң сомду түзөт. Декларацияда 5 заводу , компаниялары көрсөтүлгөн. Туугандарынын кирешеси болсо 352 миллион 630 миң сом. Динара Исаева 24 миллион 831 миң сом, Шаршенбек Абдыкеримовдуку 8 миллион 514 миң сомду түзөт. Ал эми анын жакындары 22 миллион 174 миң сом жылына киреше табат.
Айсулуу Мамашова 7 миллион 16 миң сом, Канат Исаев 7 миллион 607 миң сом киреше табаышат.
Улукбек Ормонов расмий түрде бир жылына 66 миллион 87 миң сом табат. Кара-Шоро рестораны ошонуку. Туугандары 1 миллион 220 миң сом табат.