Домой Без рубрики Эсенгул Исаков: «2010-жылдагы июнь окуясы, Дача-СУдагы авиакырсык иликтенбей калса, ...

Эсенгул Исаков: «2010-жылдагы июнь окуясы, Дача-СУдагы авиакырсык иликтенбей калса, тарых кечирбейт»

447

-Президенттик аппарат “Дача-СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионатындагы мүлктөр жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштери иликтенип бүтүп калганын маалымдады. Эми ал окуяларга так баа берилип, чекит коюлабы?

2010-жылдагы июнь окуясы, Дача-СУдагы авиакырсык бул — Кыргызстандын трагедиясы. Анан ушундай окуялар иликтенбей калса, аны тарых кечирбейт. Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда эл бул окуялар “мына иликтенет, ана иликтенет” деген боюнча, күтүп-күтүп кала берди. Кезинде катуу сөздөрдү айтып, каза болгондордун жакындарына берген убадалардын баары талаада калды. “Эмне үчүн ушул окуяларга жол берилди?” деген суроолорго жооп болуш керек. Маселен, канчалаган бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган  Дача-СУга түшкөн учак кимдики, жүктөр кимдерге таандык экени ачыкка чыгыш керек. Же болбосо ошол эле азыр айтылып жаткан үч кылмыш иштин бири “Аврорадагы” мүлктөрдүн мыйзамсыз түрдө менчиктештирилип кетиши да аягына чыгышы керек.

-Бирок, камалгандардын баары эле сяасий куугунтукка кабылдык деп чыга калышат го?

-Бул жерде саясий куугунтук дегидей, алардын сөзүнө байланыштуу, же сын-пикирине байланыштуу иш козголуп жаткан жок да. Бул алардын туура эмес аракеттерине, же болбосо алдын албай койгонуна байланыштуу жүрүп жаткан иликтөө да. Кыскасы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калбашы керек.