Домой Без рубрики Швейцария Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө 320 млн. сом бөлдү

Швейцария Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө 320 млн. сом бөлдү

21

Иш-чарага Кыргызстандын бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, туристтик бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Швейцария Кыргызстандагы кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн 320 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Долбоор Каракол шаарында 2-декабрь күнү старт алды.
«Швейцария кышкы туризм үчүн 3,5 миллион франк бөлдү (320 миллион сомго жакын). Долбоор Караколдогу лыжа, коньки сыяктуу бир катар кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Кыргызстандын бийлик органдарынын, эл аралык уюмдардын, туристтик бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
секторду, айрыкча туризмди өнүктүрүү үчүн кыргыз бийлиги менен биргеликте колдоо көрсөтүү Швейцария кызматташтыгынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат», — деди Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер.
Долбоор климаттын өзгөрүшүнө жана айлана чөйрөнү коргоого дагы багытталат. Биринчи фаза төрт жылга эсептелген.