-Текебаевге кол көтөргөн балдар акылга сыйбаган иш кылышты. Небереңдей болгон балдар атасы менен чоң атасындай адамга кол көтөргөнү кыргыздын адеп-ахлагына да туура келбейт. Менимче муну кимдир бирөөлөр атайылап уюштурду. Мүмкүн президентке кошомат кылган акмак чиновниктер кылгандыр. Бул иштин артында бөрк ал десе, баш алгандар турат деп ойлойм. Ошон үчүн Текебаевге кол көтөргөндү эле эмес, аны уюштургандарды дагы таап, аёосуз жазалаш керек.
Андай кошоматчылар акаевден баштап, бардык президентти аңга түртүп келишти. Президент таза иштейм деп жаткканына карабай кээ бир оюу жаман чиновниктер көшөгөнүн артында ушундай ыплас иштер менен алектенишет.Жаманбы, жакшыбы Текебаевдин өз орду бар. Азыр элдин баары сяасатчы. Кимдин кандай артыкчылыгы, кандай кемчилиги бар экенин билишет. Ага карайбай арымдар ашыкча кошоматчылык кылышыат. Шайлонун да ушундай чуу болуп жатканы кошоматчылардын кесепети тийди. Ошон үчүн президент люстрация кылып, “медвежий услуга” көрсөткөндөрдөн арылышы керек. Болбосо алар президенттин оюна, түшүнө кирбеген иштерди жасап, ажону жаман көрсөтүшөт.