Домой Шайлоо 2021 Нурлан Шакиев: «Мектеп директору, башкы дарыгер, аким, айыл өкмөт дегендер бул...

Нурлан Шакиев: «Мектеп директору, башкы дарыгер, аким, айыл өкмөт дегендер бул жолку шайлоого таптакыр аралашкан жок»

254

-Нурлан мырза, шайлоого катыштыңыз. Шайлоо кандай өттү?
-Шайлоо таза өттү. Муну мен эле эмес, 95 пайыз эл таза өттү деп айтып жатышат. Болгону, жеңилип калгандар таза эмес өттү деп жатышат. Чынында эч кандай административдик ресурс колдонулган жок. Мисалы үчүн, мектеп директору, башкы дарыгер, аким, айыл өкмөт дегендер бул жолку шайлоого таптакыр аралашкан жок. Эл каалаган кишисине добуш берди.  Эч ким кийлигишкен жок. Элге эркин тандоо укугу берилди.
-БШКнын сервери бузулганы да чоң күмөн саноону жаратты деп жатышат го?
-Ал эми сервер техникада. Ал бузулса бузулгандыр. Эми андан күмөн санашса, Мыйзамда жазылган кол санак менен санашсын. Негизи кол санак мыйзамдуу жыйынтык болуп эсептелет. Сервер болжолдуу жыйынтык чыгарат. Сабыр кылып туралы.
-Бирок, айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын, кайра шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып жатышат го?
-Кайра шайлоо өткөргөнгө негиз жок! Өтпөй калгандар, аз добуш алгандар дайым шайлоодон кийин ушундай көрүнүшкө барышат! Көбүрөк добуш алышып, бир аз жетпей калса башка сөз…

Булак, «Майдан.кж»