Домой Шайлоо 2021 Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: «Президент мурун болуп көрбөгөндөй кадамга барып, шайлоо бюллетендерин...

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: «Президент мурун болуп көрбөгөндөй кадамга барып, шайлоо бюллетендерин кайра кол менен санап чыгууга чакырды»

204

-Мен, Пайгамбар жашынан өткөн адаммын. Ыйманымды эч качан саткан эмесмин, жана сатпайм. Шайлоонун далайын көргөм. Мурунку СССР учурундагы шайлоодо дагы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү дагы болгом. Ал кезде шайлоо таза өтчү, бирок элдин эрки жок, айтканды аткарышчу. Кызык оюндар кийин башталды. Эгемендүүлүккө чыккандан кийинки алгачкы шайлоолор таза эле өткөн. Анан кийинчерээк “башталось”. Далай бетсиз шайлоолорду көрдүк. Акимдин кабинетине пачкалаган акчаларды алып келип, мекеме ишкана жетекчилерди чакырып келип, “мына сенин “порцияң” баланча добушту сөзсүз бересиң бербесең “давай досвидания”,- деген күндөр да болгон. Шайлоо “акмакчылыгы” чектен ашып, мамлекеттик деңгээлде сатып алуу, пачкалап бюллетендерди урнага урган күндөр болгондугу жалганбы?. Ошондуктан революция эмес төңкөрүштөр болуп келген. Чыны бул шайлоодо андай көрүнүштүн бири да болгон жок. Админстрациялык басым болгон жок. Мамлекеттик кызматкерлердин бирөөсү дагы үгүт иштерине катышкан жок. Бирок калктын калың катмарына БШК тарабынан шайлоонун жаңы мыйзамы туралуу түшүндүрүү иштери өз деңгээлинде болбогондуктан жараксыз бюллетендирдин көп чыккандыгы өкүндүрөт. Ооба, шайлоодон утулгандардын ичинен кан өтүп жаткандыгы чындык. Бирок президент мурун болуп көрбөгөндөй кадамга барып, шайлоо бюллетендерин кайра кол менен санап чыгууга чакырды. Чыны качан ушундай кадамдар болду эле? Ошондуктан урматтуу мекендештер куру кыйкыра бербей салкын кандуу болуп, сабырыбызды сактап акыркы жыйынтыкты күткөнүбүз дурус.