Домой Шайлоо 2021 Каныбек Осмоналиев, профессор: «Азыр абалды добуштарды кол санак менен таза өткөрүү жана...

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Азыр абалды добуштарды кол санак менен таза өткөрүү жана баардык күчтөрдүн консолидациясына жетишүү гана сактай алат»

378

-Каныбек агай, бир канчабыз шайлоо таза өткөнүн айтып жатабыз. Бирок, шайлоо жокко чыксын дегендер басымдуу боло баштады.  Шайлоо жокко чыгышы керекпи?
-Бизде, кыргыздарда “шайлоо таза өттү» деген түшүнүк какшыкка айланып калган. Эл ишенбейт. Анткени, 30 жылдан бери бийлик шүдүңгүттөрү карапайым элдин үмүтүн биротоло суу сээп өчүрүп койгон. Азыр дагы ошол эффект иштеп жатат. Бирок, бул сапар шайлоо бир топ эле таза өттү десек болчудай. Аттиң дей турган нерсе, БШК кезектеги өнөрүн көрсөттү. Түз жерден АСУсу иштебей калып, атаандаштардын ортосуна чок салып коюп, анан жигердүү түшүндүрүүнүн ордуна ойт берип чекеге чыга берди! Муну оппозициялык партиялар иле качып, бийликке прессинг жасап киришти. Аларды дагы түшүнсө болот. Кээ бирлери көп добуштарын жоготуп алгандай болушуптур. Эгер чын болсо, анда БШКга убал жок. Президент өзү эскерткендей катуу жазаланышат жана сот жообуна тартылышат. Оппозициянын шайлоонун тазалыгына койгон протесттери эми саясий талаптарга айлана баштады. Мен ушундан чочулап турам. Президент консенсуска барып сүйлөшүүлөрдү тез арада жүргүзүүсү зарыл. Анын ишенген айлана-чекесиндегилери дагы ушул багытта аракет кылышса жакшы болмок, бөгүп жатып алышбай! Азыр абалды добуштарды кол санак менен таза өткөрүү жана баардык күчтөрдүн консолидациясына жетишүү гана сактай алат.