Бүгүн кыргыз элинин кылымдарды карытып келген эң ыйык салтынын одоно бузулуп, тебеленишин айгинелеген чоң трагедиялуу окуя болду. Кары кишиге массалык түрдө кол салуу болуптур! Пайгамбар жашына толгон (63 жаш) көрүнүктүү саясий ишмерге чак түштө эле же күндүзү кол салуу эмне деген шумдук! Топураган жаш жигиттердин саясий көз карашы өзгөчө болгон адамды баш калааны борбордук көчөсүндө жакалап жүрүшү — бул өтө коркунучтуу көрүнүш. Биздин коомдун толук деградацияланышы, бузулушу. Кол салгандардын максаттарын Өмүрбек мырза өзү айтып жатат. Кечээги шайлоонун жыйынтыгы боюнча экен. Президент Садыр Жапаров ыкчам кыймыл менен бул шермендечиликти изилдөө ишин Ички иштер министрине тапшырганы туура болду. Министр мырза бул кылмыш ишин тез арада ачып бериши керек. Бул керек болсо өлкөбүздүн намысы! Ээ айланайын! Саясий оппоненттерди көчөдө жазалай баштагандары эмнеси? Мурда мындай болгон эмес эле го? Ким уюштурса дагы бул биринчи кезекте расмий бийликке сокку урушту. Президенттин аброюна көлөкө түшүрүп жатышат. Эртең жабырлануучулар тараптан каршы күчтүү акция болбойт деп ким кепил боло алат? Анан жарандык кагылышууларга бир кадам эле калып жатпайбы? Күнөөлүүлөр кармалып, суракта бааардыгы ачыкка чыгышы керек! БШК ойноп, маалкатпай шайлоонун жыйынтыгын бүгун таң аткыча эле чыгарып бериши керек!
Домой Коом Каныбек Осмоналиев: «Текебаевге кол салгандар кармалып, суракта бааардыгы ачыкка чыгышы керек!»