Домой Без рубрики Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист: «Текебаевге кол көтөргөн окуяны бийликти басып алууну каалагандардын...

Калдарбек Койлубайтегин, акын, журналист: «Текебаевге кол көтөргөн окуяны бийликти басып алууну каалагандардын   “Б” планы десек болот»

19

-Текебаевге болгон  кол салууну кол салуу деп атоо кыйыныраак. Имитация деп койсо болчудай. Кол салам деген адам автобус жалдап келип, чаламандын чак түшүндө , ачык кол салып, өзүн көрсөтпөйт да. Тымызын гана, же буйрутма менен  киллер аркылуу иштейт. Ошон үчүн кол салуу дегенге окшошпой турбайбы. Анын үстүнө телефонун алып, өзүн сабамыш ( биротоло  тургус кылып сабап эле салмак ошондой болгондо) болгону да кызык. Бир сөз менен саясий оюндардын бир ыкмасы эле  болуп калды… Кыскасы, бул жагдайлар боюнча түрдүү ушактар тарады.  Кандайынан албайлы, бул бийликти басып алууну каалагандардын  “Б” планы десек болот.