Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан парламенттик шайлоого талапкер болгон Максат Кунакунов 30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосуна билдирип, тергөөчүнүн шайлоого байланыштуу суроолоруна жооп бергенин айтты.
«Жөн эле маектешүү болуп, «шайлоодо эмне жаккан жок?» деген суроолорду берди. Мен болгонун-болгондой айтып бердим. Шайлоодогу финансылык маселелерди, каяктан каражат алганымды, кандай коротконумду сурашты. «БШКнын алдына эмне маселе менен чыктыңыз?» деген да суроо болду. Мен өз укугумду коргоп чыкканымды айттым».
28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган сервери иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.