Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров суракка чакырылбаганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы ал жөнүндө маалымат жоктугун кабарлады.
Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканын анын жакын туугандары маалымдашкан. Ал Бишкектеги № 44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон келген эмес. Туугандары саясатчыны УКМК кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон.
Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан «Ордо» партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.