Кыргызстанда шайлоо мыйзамдын чегинде өттү деп билдирди ОБСЕнин кыска мөөнөткө байкоочу болуп келген атайын координатору Питер Джуэль-Йенсен.
«Кыргызстандын шайлоо жергиликтүү мыйзамдарга ылайык өттү», — деп билдирди ал жыйынтыктоочу чогулушта.
Ошондой эле ал шайлоо атаандаштык негизде өз өткөндүгүн белгиледи.
Болуп өткөн шайлоо — бул кыргыз парламентинин жетинчи чакырылышын тандап алууга болгон экинчи жолку шайлоо. Мурунку шайлоонун жыйынтыгы былтыр октябрь айында болуп, натыйжасында президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы жана массалык башаламандыктар менен коштолгон.