БШКда эле свет өчүп “оюн” жүрүп кетпесе, Бишкек шаарындагы № 27 Биринчи Май округунда Административдик ресурс колдонулган деле жок!
Шайлоочулардын көбү үмүтсүз болуп баарына каршы добуш берди — 32, 58 %.
Шайлоочулардын бир тобу кайдыгер болуп, шайлоого катышпай койду!
Шайлоочулардын бир тобу мүмкүн сатылышкандыр. Шайлоочулардын бир тобу патриоттук дух менен бекер добуш берди!Ошентип шайлоочулар жарым-жартылай люстарциядан- өттү!Эми Мыйзам боюнча Бишкек шаарындагы Биринчи Май районундагы № 27 округда кайра шайлоо өткөрүлүүгө тийиш!
Кайра шайлоодо жашоочулар кайдыгер болбой, акчага сатылбай элге күйгөн чыныгы патриотту шайлап, люстрациядан-тазалануудан өтүүсү коомго абадай зарыл!
Себеби, кайра шайлоодо патриот, элге күйгөн талапкер депутат болуп шайланса округдун эле эмес, жалпы кыргыз элинин келечегине зор таасирин тийгизет!