-Учурда кырдаал туруктуу. Мурдагы шайлоолордой одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Жаштардын топтолуусу да болгон эмес. Кимге добуш беришибиз керектигин айтып, эч ким мажбурлаган жок. Ал эми коомчулуктун шайлоого катышуусу төмөн болгону эртен менен байкалды, эл кечке жуук шайлоого активдүү катыша баштады.
Ошол эле учурда элдин шайлоодон тажап калганы байкалууда. Мисалга алсак, Бишкек, Ош, Токмок, Балыкчы – шаарларында акыркы 12 айда бул шайлоо 6-жолу болуп жатат. Алсак, парламенттик шайлоодон баштап (октябрь 2020-ж), Кыргызстанда президенттик шайлоо болду, референдум, айылдык кеңештерди шайлоо, кайра шайлоо жана азыркы ЖК депутаттарын шайлоо. Шайлоого элдин аз катышуусунун себеби бир мандаттуу, преференциалдык системанын киргизилишинде.
2010-жылдан тартып 2021-жылга дейре Кыргызстанда жабык тизме менен депутаттар шайланып келген. Ошондуктан партиянын атын гана болушунча даңазалоо болгон. Ушундай баш аламан шайлоонун айынан элдин нааразычылыгы чыгып, митинг орун алган.
Бул саам ар бир талапкер ысымын алдыга жылдырып, партиянын аталышы артта калды. Алар айылдарында, таанымал болгон туулган жерлеринде талапкерлигин коюп, кызуу жарнама кылышты.
Андыктан партия финансы жактан шайлоого аз каражат сарптады да, бул кезек элдин арасында шайлоодо шайлоочу кандай жол менен добушун бериши керектиги аз маалымдалып калды. Бул шайлоодо админресурс колдонулган жок.
Домой Шайлоо 2021 Шерадил Бактыгулов, эксперт: «Мурдагы шайлоолордой одоно мыйзам бузуулар катталган жок»