- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ашхабад шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитинде сүйлөгөн сөзүндө уюмдагы өнөктөштөрүн жаратылышты сактап калууга чакырды. Мамлекет башчысы абадагы көмүртекти азайтууда жана жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыктын зарылдыгын белгиледи.
«Бул COVID-19 пандемиясынан кийин «жашыл экономиканы» калыбына келтирүүгө, ошондой эле ЭКУ мейкиндигинде климаттын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан кесепеттерди жумшартууга өбөлгө түзөт».
Президент Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кыларын айтты. Анын сөзүнө караганда, гидроэнергетика көмүртексиз өнүгүү саясатынын өзөгү болмокчу. Ошондой эле энергиянын натыйжалуулугун арттыруучу жана аны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү — Борбор Азия аймагын экологиялык электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө болот.
Садыр Жапаров Кыргызстан ЭКУнун башка өлкөлөрү менен биргеликте «Чыгыш-Батыш» жана «Түндүк-Түштүк» транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө жигердүү катышып жатканын, бул Борбор Азия өлкөлөрүнө Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Мындан тышкары, «Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай» темир жолунун курулушун тездетүүгө маани берерин кошумчалады.
Бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында ЭКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын 15-саммити өтүп жатат.
Уюмга Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.
Жапаров саммиттин алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту. Расмий маалыматка ылайык, анда эки тараптуу алака-катышты, буга чейин кол коюлган келишимдердин аткарылышы талкууланды.