Кыргызстандын президентинин аракети эң жогорку баага татыктуу. Мындай пикирин Орусиянын Коомдук палатасынын мүчөсү Александр Малекевич Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшүнө комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ал Кыргызстанда экинчи жолу байкоочу болуп иштеп жатат.
«Январь айында өткөн президенттик шайлоодо да катышкам.
Уюштуруучулуктун, техникалык жактан жабдылышынын деңгээлине таң калдым. Анын үстүнө, шайлоо тилкелери добуш берүүнү мамлекеттик гимн менен баштаганы мени таң калтырды”, — дейт ал.
Ошондой эле ал, «Бир партиянын ичинде камтылган жаштардын, аялдардын, улуттардын квотасы таң калтырды. Мен муну силерге суктануу менен айта алам”, — деди орусиялык эксперт.
Ал кошумчалагандай, президент Садыр Жапаровдун шайлоо процесстерин өткөрүүдөгү аракети эң жогорку баага татыктуу.