Президент бул тууралуу 26-ноябрдагы Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдирди. Ошондой эле «эт, май, жумуртка, өсүмдүк майы сыяктуулар да кымбаттады. Азык-түлүккө болгон баа дагы эле өсүп жатат. Ошондой эле бензиндин баасы да түшпөй жатат. Биз импорттон көз каранды өлкөбүз». — деди ал.
Анын сөзү боюнча, бул кырдаал мамлекеттик катуу сынга кабылтты.
«Экономиканың өнүгүүсү үчүн инвестор тарту бирден бир негизги багыт. Бирок, системаны түп тамырынан өзгөртүү керек. Азыркы стратегиялык программалар жеткиликтүү болбой жатат» — деди.