Домой Укук Жалал-Абад облусундагы рейд учурунда 15 ок атуучу куралдар алынды

Жалал-Абад облусундагы рейд учурунда 15 ок атуучу куралдар алынды

17

Жалал-Абад облусунун аймагында парламенттик шайлоо күнү коомдук коопсуздукту камсыздоо жана курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу максатында милиция тарабынан “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейддин алкагында курал-жарак сактоочу 50 объект текшерилген. 2200дөн ашуун мергенчиликти сүйүүчүлөрдүн курал сактоо эрежелери текшерүүдөн өтүп, тиешелүү эрежелерди бузган 52 атуул аныкталган. Алардын ичнен 12 жаранга айып пул салынып, 40 жаранга эскертүү берилген.

“Арсенал” операциясынын алкагында облус аймагындагы мергенчилерден жана карамагында ок атуучу куралдары бар мекемелерден жалпы 267 ок атуучу курал жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 15 ок атуучу куралдар жарандар тарабынан өз ыктыяры менен тапшырылган.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы