Домой Коом ИИМ. БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюшту

ИИМ. БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюшту

41

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде каралган (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш менен катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагына Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстандан келүүчү баңгизаттарды жүгүртүү каналы аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-аракететринин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Мамай айылынын аймагында Х.Д. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны кармалып, жеке тинтүү учурунда кочкул-күрөң түстөгү өсүмдүк тектүү жыты бар 14 брикет аныкталып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 кг салмактагы «гашиш» баңги каражаты болгон.

Мындан аркы, ыкчам-тергөө иш-аракететрдин жүрүшүндө, Бишкек шаарына жакын аймакта, Баткен облусунун тургуну С.И. аттуу баңгизаттарды ташуу топтун мүчөсү кармалган. Анын авто унаасын кароо учурунда күрөң түстөгү өсүмдүк тектүү жыты бар 9 брикет аныкталып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 9 кг салмактагы «гашиш» баңги каражаты болгон.
Аныкталып алынган баңгизаттардын жалпы самагы 16 кг. түзгөн.
Мындан тышкары, ыкчам аракеттердин негизинде, Д.И. аттуу баңгизаттарды ташуучу топтун дагы бир мүчөсү кармалган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы туруктуу негизде республикабыздын бардык аймактарында ушундай сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларын жүргүзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы