Домой Жаңылыктар Талапкер Акылбек Арстанбеков: «Урматтуу президент, добуш сатып алуу маселеси боюнча ишти жеке...

Талапкер Акылбек Арстанбеков: «Урматтуу президент, добуш сатып алуу маселеси боюнча ишти жеке көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз»(видео)

480

Редакциябызга Акылбек Арстанбековдон Ноокенде президенттин таза шайлоо өткөрөлү деген аракетин жокко чыгаргысы келген күчтөр тууралуу айткан кайрылуусу келип түштү. Анда сөз башынан болсун.

Мен Акылбек Арстанбеков №16 Ноокен жана Майлы-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары катталганмын.

Учурда шайлоо өнөктүгү жүрүп, жер-жерлерде үгүт иштери өтүп жатат. Ушуга байланыштуу мен Кыргыз Республикасынын президенти, урматтуу Жапаров Садыр Нургожоевичке өзүмдүн жана шайлоочуларымдын атынан кайрылууга аргасызмын. Себеби, президенттин таза шайлоо өткөрөм деген аракетин жокко чыгарып, таза шайлоого шек келтирген, мурдагы эле шайлоонун ыкмаларын ишке ашырган фактылар Ноокен районунда катталууда.

Чынында “быйыл болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өтөт, административдик ресурс колдонулбайт, бийлик эч бир талапкерге жана партияга жан тартпайт, добуш саткандар да, сатып алууга аракет кылгандар да жоопко тартылат” деген элеңиз. Мен сиздин ошол сөзүңүзгө ишенип, эл каалаган адам Жогорку Кеңешке депутат болот экен деген ниет менен шайлоого аттангам. Тилекке каршы, үгүт маалында добуш сатып алууга аракеттер жасалып жаткан фактыларга күбө болуп жатабыз. Бирок, жыйынтык чыкпай жатат. Ошон үчүн сизге кайрылууга аргасыз болдум.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич былтыр шайлоо эмне үчүн жокко чыкканынын себебин сиз да, биз да билебиз. Өкүнүчтүүсү, быйыл да көнгөн адаттары менен былтыркы шайлоодогу ыкмалар кайталанып жатат. Бул менин атаандаш талапкерлеримди жамандоо эмес, элдин таза шайлоо өтсүн, добуштар сатылбасын деген талабынан улам айтууга аргасыз болуп, сизге кайрылып жатам. Ошон үчүн Ноокен районундагы добуш сатып алуу маселеси боюнча ишти жеке көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз. Себеби, факты бергиле дейсиңер деп факты да бердик. Милиция келип сурады. Тактады. Бирок, мыйзамга каршы иштер орун алып жатканы боюнча жогору жакка жетпей жатат. Ошон үчүн бул жактагы абалды жеке көзөмөлүңүзгө алып коюуңузду, таза шайлоо өткөрүүнү аягына чейин көзөмөлдөшүңүздү суранам.