Домой Жаңылыктар Мэрия троллейбустар саат 22:00гө чейин жүрө турганын билдирди

Мэрия троллейбустар саат 22:00гө чейин жүрө турганын билдирди

29

Бишкек шаарынын мэриясы аба ырайынын суукташына байланыштуу шаардыктар иштен чыккан учурда (17:00 – 19:00) коомдук транспорттун каттамын көбөйтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Кыш мезгилинде шаарда каттаган троллейбустардын иштөө сааты 22:00гө чейин узартылган.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда тогуз каттам боюнча 79 автобус, 11 каттам боюнча 131 троллейбус иштеп жатат.

Бишкекте бир канча жылдан бери коомдук транспорт жетишсиздиги уланып келет. Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда.