Министрлер кабинети Isuzu, КамАЗ и Chevrolet автомобилдерин кураша. Бул долбоор Чүй-Кемин округун индустриялаштыруу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.
-Рустам Рахимович, сиз инвесторлордун тобунун кызыкчылыгын көздөйсүз, алар болсо өз кезегинде Чүй облусундагы ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөшөт. Айтыңызчы, эмнеге бул аймакты тандап алдыңыз?
-Чүй-Кемин аймагында экономикалык өсүштү жана миграцияны токтотуу камсыз кылуу максатында жакынкы 3 жыл аралыгында 10 000 жумушчу орундар түзүлөт. Бул колдон келе турган иш, бир гана иш орундар эмес, жергиликтүү бюджеттер түзүлөт. Ал каражаттар аймактын инфраструктурасын оңдоого жумшалат.
Бул заводдор Токмокто 2022-жылы өз продукцияларын чыгарып башташат. Ишке киргизүү маселеси өкмөт менен келишилген. Долбоор буюрса, 2022-жылы ишке кирет.
Isuzu заводунун ишке кириши эки этаптан турат. Биринчиси – Бишкекте ири түйүндүү кураштыргыч цехти ишке киргизүү. Экинчиси – Чүй облусунда толук кандуу автомобиль кураштыруучу заводду ишке киргизүү. Бүгүнкү күндүн маселеси заводду кайсы жерге жайгаштыруу. Менимче, завод Токмокто болушу керек же ага жакын райондордо болушу керек. Мындай заводдун бирөө эле 1000 жумушчу орунду камтыйт. Ал эми анын айланасында 5000 элди камсыз кылат, алар жергиликтүү калктын айдоочулары болушат. Бул тажрыйбаны биз Өзбекстандан көрүп жатабыз.
— Мындай мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлор көбүнчө тоскоолдуктарга тушугуп ишке ашпай калчу. Адатта атка минерлер өздөрү тоскоолдук жаратышчу. А бул жолу кантээр экен?
— Туура суроо бердиңиз. Биз мурдагы бийликтин кантип Токмокто Daewoo автомобилин чыгаруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргандыгын билебиз. Инвесторлор Кыргызстанга өздөрү келген. Бирок коррупция, трайбализмдин айынан Өзбекстан илип кеткен ал мүмкүнчүлүктү. Бул жолу колдон чыгарбашыбыз керек.
Жаңы бийлик Кыргызстанда аймактарда жумуш орундарын түзүү керектигин жакшы түшүнөт. Ошонун аркасында бюджет толоорун, инфраструктура жөнгө салынаарын жакшы билишет. Перезидент Садыр Жапаров жана анын командасы инвесторлор менен иш алып баруунун форматын өзгөрттү, ири долбоорлордун ишке ашуусунун ачык болушуна басым жасады. Мен мындай багыт Кыргызстандын экономикасын кыска аралыкта саздан сууруп чыгаарына ишенем. Биздин долбоор министрлер кабинетинде да колдоо тапты, президенттин администрациясы да колдоду.
Ошону менен бирге инвесторлор Кыргызстандын көйгөйүн чечүүгө салым кошоорун түшүнүшүбүз ,баарыбыз бир багытка карай умтулушубуз керек. Мисалы, Бишкекте маршрутка айдагандардын иш таштоосу болду, алар бизге жардам сурап кайрылышты. Биз автокураштыруучу заводду күтпөй эле газ менен жүрүүчү 350 автобус менен маршруткалардын ордун бастырып койдук. Жарандарды үйлөрүнө ташып жеткирүү өз жолуна коюлду. Биз ушинтип министрлер кабинети менен, президенттин администрациясы менен тыгыз иштешип жатабыз.