Домой Укук Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

Чүй облусунун аймагында “Арсенал” аталышында комлекстүү профилактикалык иш-чара өткөрүлдү

88

Чүй облусу боюнча коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрынан 24- ноябрга чейин мыйзамсыз ок атуучу курал-жарактарды сактоону алдын алуу үчүн “Арсенал” аталышындагы профилактикалык рейд иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чарага коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан, лицензияга уруксаат берүү бөлүмүнөн түзүлгөн 315ден ашык кызматкер иш-алып барышкан.

Рейддин жүрүшүндө 2625 аңчылык менен алектенүүчүлөр текшерилип, алардын ичинен 35 жаран тарабынан курал-жарак сактоонун эрежеси бузулгандыгы аныкталып, аларга 13 000 сом түзгөн административдик протокол толтурулган. Андан сырткары 14 жеке күзөт агенттиктеринин ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо жайларындагы куралдарды сактоо эрежелери текшерилди.

Жарандар тарабынан өз ыктыяры менен 2 ок атуучу курал ИИОнун кызматкерлерине тапшырылга жана мыйзамсыз сакталган эки аңчылык сайсыз мылтыгы
Чүй облусунун ИИББы ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды сактоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо, ошого тете
ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же колго жасалган жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз даярдоо кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет. Ошону менен биргеликте өз ыктыяры менен курал-жарактарын тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын билдиребиз.