Домой Без рубрики Президенттин менин душмандарым бийликте гана эле эмес, карапайым элдин арасында да бар...

Президенттин менин душмандарым бийликте гана эле эмес, карапайым элдин арасында да бар дегенин айрымдар элди бийликке тукургандай пайдаланышты

15

Президент Садыр Жапаровдун  «Ак-Ордо-3» жаңы конушунун жашоочулары менен жолукканда эл арасынан  душмандарыңыз көп экен дегендер да болгон.  Президент “душман бийликтегилерде эле эмес, карапайым эл арасында дагы бар. Мына көмүр боюнча бир ай көмүрдүн баасын түшүргүлө деп какшап сурандык. Бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар эле жетет десем, 1000 доллар табышы керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп салдык эле жумушсуз калды” деди. Бирок, президенттин бул сөзүн бурмалагандар да чыкты. Садыр Жапаров менин душмандарым бийликте гана эле эмес, карапайым элдин арасында да бар деп элди бийликке тукурган темалар менен да жазышты. Эмнеси болсо да, жакшы ниет, ак тилек менен элди аралап, жаңы конуштардын маселесин чечүүгө киришкен президентке ийгилик каалайбыз. Баштаган ишинин аягына чыгып, жаңы конуштардын маселеси чечилип, турмушу жеңилдеп калышына тилектешпиз.