Домой Без рубрики Президент «майга чейин  үйлөр документтешпесе,  жетекчилер кызматтан эле алынбай  жоопкерчиликке да...

Президент «майга чейин  үйлөр документтешпесе,  жетекчилер кызматтан эле алынбай  жоопкерчиликке да тартылат» деди

135

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысынын көңүлүн дээрлик 20 жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө буруп,  жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай жатышканын, мектеп, оорукана, бала бакчалардын жоктугунан кыйналып жатышканын айтты. Ошондой эле  2007-жылы Ново-Павлов айыл өкмөтүнүн токтому менен 41 гектар жер тилкеси трансформацияланып, муктаж болгондорго бөлүнүп берилген. Бирок, учурда шылуун адамдар тарабынан трансформация боюнча эч кандай токтом кабыл алынган эмес деген шылтоо менен жүздөгөн адамдардын “кызыл китептерин” сот аркылуу жокко чыгарууга аракет жасалып жатканын айтышты.  Кыскасы, президенттин жаңы конушка барганынан пайдаланып, жашоочулар бардык көйгөйлөрдү айтууга ашыгышты. Бири жаңы конуштун  Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү жана кылмыштуулукка каршы күрөштү жакшыртуу үчүн аларга имарат бөлүп берүү маселелерин чечүүнү айтса, бири көрүстөн маселесин айтты.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн угуп,  үстубүздөгү жылдын жай айларында Ак-Ордо-3 конушунун өкүлдөрү менен алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн жолукканын эске салды. Ошондой эле күчтүү бийликтин жоктугунан, айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан жана кээ бир адамдардын көз боемочулук аракеттеринен улам 13 миң үй-бүлө жашаган  аймактын көйгөйлөрү чечилбей келгенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча тез арада жөнгө салып, конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер андай болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деди.

Президент Садыр Жапаров  «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүү үчүн, Сокулук районунун мамлекеттик жана көзөмөлдөөчү органдарынын жетекчилерин ротация жасоону тапшырды.

Ошондой эле бир жарым-эки жылдын ичинде  мектеп жана бала бакчалардын курулуш маселеси чечилерин  белгиледи. Мэрия сүйлөшүп жаткан жаңы автобустардын келиши менен конуштар кошумча маршруттук каттамдар менен камсыздалаары тууралуу да сөз болду. Садыр Жапаров Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, Президент жергиликтүү жашоочулар билдирген конуштагы эки чакырым узундуктагы ички жолдун курулушу маселесин жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болду. Ошондой эле президент Садыр Жапаров жакынкы беш жылды мамлекет экономиканы өнүктүрүүгө жана калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көңүл бурарын белгиледи. Ошондой эле элден түшкөн суроолордун баарына жооп берди.

Айтмакчы, эл арасында суроо бергендир бири душмандарыңыз көп экен деди. Президент “душман бийликтегилерде эле карапайым эл арасында дагы бар. Мына көмүр боюнча бир ай көмүрдүн баасын түшүргүлө деп какшап сурандык. Бир машинеден 10-15 миң киреше тапсаңар эле жетет десем, 1000 доллар табышы керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп салдык эле жумушсуз калды” деди. Бирок, президенттин бул сөзүн бурмалагандар да чыкты. Садыр Жапаров менин душмандарым бийликте гана эле эмес, карапайым элдин арасында да бар деп элди бийликке тукура турган темалар менен жазышты. Эмнеси болсо да, жакшы ниет, ак тилек менен элди аралап, жаңы конуштардын маселесин чечүүгө киришкен президентке ийгилик каалайбыз. Баштаган ишинин аягына чыгып, 13 миң кишинин маселеси чечилип, турмушу жеңилдешип калышына тилектешпиз.