Домой Укук Ички иштер министрлиги жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет

Ички иштер министрлиги жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет

90

Республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүүдө.

Бул иш-чаралар мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды жана ок-дарыларды алууга, ошону менен бирге курал-жарактардын жана ок-дарылардын сактоо шарттарын бузууларын аныктоого багытталган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга акчалай сыйлоосу менен курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууну эскертет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинде каралган “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” кылмышты жасагандыгы үчүн 60 000 сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

Ошондой эле, курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, төмөнкү өлчөмдө акчалай сыйлоолор төлөнөт:

1. Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк, өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) – 16 000 сом;

2. Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор – 16 000 сом;

3. АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у ж.б. тибиндеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар – 9 600;

4. СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр – 9 600 сом;

5. Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар – 6 400 сом;

6. Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор – 3 200 сом;

7. Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) – 1 600 сом;

8. Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) – 100 гр. үчүн 1 600 сом;

9. Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит ж.б.) — 100 гр. үчүн 840 сом;

10. Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) – 3 200 сом;

11. Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) – 3 200 сом;

12. Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору – 1 даана үчүн 10 сом;

13. Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары – 1 даана үчүн 6 сом;

14. Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы – 3 200 сом;

15. Пистолет же ок атуучу револьвер — 6 400 сом;

16. Дары -100 гр. үчүн 100 сом.

ИИМдин Басма сөз кызматы