Милицияга ыраазычылык билдиргендей көп. Алардын бири Чоң-Алай районунун тургуну ыраазычылык билдирип ватсап группаларга таркаткан. Бул маалымат жарандарыбыздын ватсап баракчаларына таркалып жүрөт. Чындыгында көңүл жылытарлык көрүнүш. Васапта төмөндөгүдөй мазмунда маалымат жүрөт: “Кулак укса кубанаарлык жаңылыкка баарыбыз күбө болдук.
Бул кыска окуяны жазууну туура көрдүм, жердештер мына бул иштин тарбиялык мааниси терең.
Дароот-Коргон айылында Кара-Таш астоновкасында калып кеткен сумканын ичинде 54 400 сом акча таап алган.
Кыска убактын ичинде кайра өз ээсине берилди.
Бул бир үй-бүлөнүн бир жылдык кирешеси же өтө кыйынчылык пешене тер менен тапкан акчасы.
Азыр чындап алгысы келсе ким болбосун бербей койот, таап алган эмес уурдап алгандар канча.
Ыраазычылык билдирем!
Милициянын кенже лейтенанты
Эсенбаев Шумкарбек Кыргызбаевич Чоң-Алай РИИБдин КККнын милициянын участкалык уполномоченныйы болуп иштейт.
Рахмат досум өзүмдүн жеке сыйлыгым бар.
Акча өз ээсине жетип эсептеп алды”- балли бештен башка сөз жок.Азаматтар эл үчүн ушинтип ак кызмат кыла бергиле”.