Домой Жаңылыктар «Бүтүн Кыргызстандын» айынан запкы көрүп жаткандардын убалы кимге?…

«Бүтүн Кыргызстандын» айынан запкы көрүп жаткандардын убалы кимге?…

103

2021-жылдын 18-ноябрь күнү Россия Федерациясынын укук коргоо органдары Москва шаарында уруксат берилбеген акцияларды уюштуруп, коомдук тартипти бузган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтарын кармаган.

Болуп өткөн окуя боюнча Москвада такси кызматында иштеген мекендешибиз төмөнкүдөй кайрылуусун жолдогон:

Москвада таксисттин кайрылуусу!

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын уюштурган баш аламандыгынын айынан мекендештерибиз запкы көрүп жатышыптыр. Канчасы кармалып камакта, калгандары айрыкча такси кызматындагылар чыккандан коркуп үйлөрүндө отурушат экен.
Кармалгандардын 90 пайызын 3 жылдан 5 жылга чейин Россия аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн деп билдиришти кыргыз диаспорасынан. Эми, алардын убалы кимге?- дейт мекендешибиз.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтары партиялардын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырып, коомдук тартипти бузушкан. Ошондой эле, алар жолдун жээгинде транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоолдук жаратканына байланыштуу Москва шаарынын тынчсызданган тургундары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча бөлүмүнө бир нече кайрылууларды жөнөтүшкөн.

Москва шаарынын райондук сотунун 2021-жылдын 18-ноябрындагы чечими менен Кыргызстандын 7 жараны 10 күнгө камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан сырткары, ушул эле сот тарабынан акциянын дагы 7 катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө административдик айып салынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз акциянын уюштуруучусу Э.Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 күнгө камакка алынды.