Домой Без рубрики «Центерра» «Кумтөргө» ээлик кыла албастыгын мойнуна алды

«Центерра» «Кумтөргө» ээлик кыла албастыгын мойнуна алды

305

«Центерра Голд Инк» компаниясы өзүнүн балансынан 926 млн. $ чыгыштоого аргасыз болды. Анткени, Канаданын Онтарио провинциясынын баалуу кагаздар боюнча комиссиясы аны талап кылган. Бул өз кезегинде компаниянын «Кумтөргө» көзөмөл кылуудан кол жуугандыгын билдирет.
Башкача айтқанда, «Центерра» мындан ары «Кумтөр» кенин көзөмөлгө ала албайт жана аны компания мойнуна алды.
Эми муну юридикалык, тынчтык жол менен Кыргыз Республикасынын толук көзөмөлүнө өткөндүгү тууралуу келишимге кол коюп бекемдөө гана калды.
Кыргыз тараптың сунушу Женевада талкууланган жана ал өзгөрүүсүз калат.
Кыргызстандын жетекчилиги эбегейсиз экологиялық чыгым тартышкандыгын, коррупциялық жол менен уурдалган алтындардв «Центерранын» моюнга алуусун талап кылып келген.
Кыргызстандын жетекчилиги өз позициясында катуу туруп келет. Убакыт да Кыргыз тарап үчүн ойноп жатат. «Кумтөр» эл үчүн иштеп жатат.
Канада Өкмөтү акыры чечим чыгарып, мындан ары жемкорлукка бөгөт коёт деген ишенимдебиз. Канадалық бизнесмендер мындан чоң сабак алышат деп үмүттөнөбүз.

Алмаз Токтогулов, юридика илимдеринин доктору

Булак, аки-пресс