Домой Без рубрики ООНдун 76- сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат

ООНдун 76- сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат

1443
Кыргызстандын Франциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз фейзбуктагы баракчасына   “Мөңгүлөрдү сактоо” боюнча резолюциябызды акыркы (төртүнчү) комитеттен өткөзүп жатабыз. Башы ООНдун 76 сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат.   Президенттик администрация, ТИМдин, өкмөттүн бардык структуралары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу даярдалган бул документти алып чыгабыз. Өтпөй калса келтек биринчи бизге тиет. Аны үчүн кадимки эле жүгүрмөй, суранмай, колдоо күтмөй, бирок ошого жараша документ дагы кынтыксыз даярдалышы керек. Ошондо душманың болсо да колдоп беришет жана кол чабышат. Ушул видеодон Улуу Британия, Исландия, Швейцария, Австрия, Россия Кыргызстанга адамзатка эң керектүү резолюция деп ырахмат айтып жатканын көрсөңөр болот. Эң алдында сөз алып, резолюцияны жактап аягында бизди колдогон 20дан ашык өлкөгө ырахмат айттым. Буйруса эми бул резолюция генконференциядан толук кабыл алынганда сүйүнчүлөйбүз. Бар болгула» деп кыргыз элине жагымдуу кабар жазды.