Домой Саясат Каныбек Осмоналиев, профессор: «Президент күчтүү эркин көрсөтүп койду эле, «көмүр королдору» пысып...

Каныбек Осмоналиев, профессор: «Президент күчтүү эркин көрсөтүп койду эле, «көмүр королдору» пысып калышты!»

115
-Каныбек агай, президент көмүрдү көзөмөлгө алгандан бери эл тоннасын үч миңден ала башташты. Балыкчыда болсо, үйүнө чейин айдоочулар 3600дөн жеткирип жатыптыр. Мындай элди кыйнаган абал эмнеден улам жаралды?
— Президентибиздин өзү көмүр менен калкты камсыз кылууга киришип жатканы аткаруу бийлигиндеги кээ бир жооптуу чиновниктердин өз функцияларын биротоло эле аткарбай калганынан кабар берет. Бишкек ТЭЦтин кайберендери кыш түшкөндө карапайым эл менен талашып Кара-Кеченин көмүрүн жулунуп ташый баштаганы эмне деген шумдук, катыгүн? Өкмөт жайында эмне кылып жүрдү эле? Таң каласың! Энергетика министри, «Кыргызэнергохолдинг», ТЭЦтин дирекциясы өз иштерине шалаакылык менен мамиле кылгандары ушундан көрүнүп турат. Президент аларды катуу жазалоого тийиш! Бул жерде «өз кадр, өзгө кадр» деген түшүнүк болбош керек. Элдин кыжырын келтирип, бийликтин өзүнө саботаж кылышты, керек болсо! Ал эми көмүр кендерине келе турган болсок, мен ар дайым эле ачык айтып келем. Кен байлыктар — элдики. Ошондуктан, мамлекет аларды чукулунан өз менчигине кайтаруусу зарыл. Бир ууч мыкчыгерлер, атасынан калган менчик сыяктуу кендерди ээлеп алышып, тайраңдап жүрүшөт! Алар эмне өзгөчө жандарбы? Мен муну адилетсиздик деп баалайм. «Көмүр королдору» күчтүү куралга ээ болуп алышып, өзүлөрү адилетсиз байыгандыктары аз келгенсишип, кутура башташты. Натыйжада бийликке , элге кыр көрсөтүшүп саботаж, шантаждарга барып жатышат. Антимонополия мекемелерин тоготуп дагы коюшпайт. Анткени аларды сатып алышкан. Көмүрдүн баасын президент киришээр замат түшүрүштү го? Демек, алар бааны кааалагандай калчашат экен да? Бул туура эмес. Эл бийликке каршы көтөрүлүп кетиши мүмкүн!
-Көмүр королдор мамлдекет көзөмөлгө алганда заматта ордуларына келе калды. Демек, амлекет күчүн көрсөтүп койдубу?