Домой Жаңылыктар Калдарбек Койлубайтегин, журналист: «Кымбаттоонун бирден бир очогу ортомчулар, дүңүнөн сатып алышып,...

Калдарбек Койлубайтегин, журналист: «Кымбаттоонун бирден бир очогу ортомчулар, дүңүнөн сатып алышып, эки кадам ары барып билген баасын айтышат»

4

Кыргызстан Акаевдин  бейакыл  түшүнүксүз  кадамдарынан улам капитализмге ыкташа түшкөндө  эле кыйшык учкашканбыз. Баарын базар экономикасына шылтоолоп, мамлекетти атайылап жокко чыгарууга  аракет кылышкан жана жандалбастап жатышат. Калптан эле, иттигин жашырыш максатында  антимонополия дегенин уюштуруп, жемейликтин капиталисттердин түшүнө кирбеген ыкмаларын ойлоп табышкан. Эми бүгүнкү бир мисалды алалы. Президент таш көмүргө болгон  бааны 3000 сомдун айланасына такап туруп, ушул өлчөмдө сатасыңар деп койду эле… “хоп майли”  болуп сатып киришпедиби…Эгерде базар экономикасынын эрежесине тайансак, ага президенттин тиши да өтпөс эле го. Жок, бизде эч кандай базар экономикасы жок, болгону крокодилдердин экономикасы гана өкүм сүрүп келет. Ошон үчүн баары кымбаттап жатпайбы…Дүйнөлүк кризис, пандемия жөн эле бир шылтоо. Чачыңы алдырганы кирип көрчү, алар деле ушуга шылтоолошуп тыйындарын бир канчага жогорулатып салышты. Кымбаттоонун бирден бир очогу бул далдалчылар же ортомчулар… Жеринен дүңүнөн сатып алышып, эки кадам ары барып билген баасындай суулашат. Андан ары кадимки чынжыр да.. Баа өскөнү өскөн, керектөөчүгө жеткенде ал туу чокусуна чыгат. Анан  баа эмнеге кымбаттап жатат, бийлик кайда карайт деген кыйкырыктар чыгууда.

Көмүрдөн пайда көрүп жыргап келишкен “азаматтар” койнундагы котур таштарын жөн ыргытып жатышкан жери жок. Оозундагы нанын алдырып жатышпайбы. Демек, чийки, жапайы капитализмдин шартындагы бааларга бийлик түздөн түз таасирин бере алат жана берүүсү керек. Мисалы, президент өзү тастыктап койду. Башкысы, мына ушул   экономикадан” далдалчылык же ортомчулук  дегенди сокур ичегидей кыркып салса эле, баары жайына түшөт. Мына ушундай жол менен оокат кылышкандар толтура. Атүгүл “Унаа” ишканасында, башка жерлерде  алар шымаланып алышып иштеп келишет. Бүгүн кайсыл бир товарга бааны кошмоюнча  сатууга болбой калды. Менин, сенин пайдаң, үлүшүм деген түшүнүк сиңип калбадыбы.

Президент “А” деген соң, эми “Б” да деши мүмкүн. Ар бир товар өзүнүн гана баасында (өздүк наркынын негизинде) сатылышы керек.

Бүгүнкү шартта мамлекеттин күчү толугу менен жетет жана саясий эрки болсо эле бардык бааларды жөндөп сала алат. Ал эми  базар баасынын мыйзамдары тууралуу саймкедирешкендер, кудум ошонун акырынан жем жегендер. Акыры социалдык түшүнүк дегенди эч ким жокко чыгара элек го…Дары-дармектерди баасынын төмөндөтүлүшү, башка иштер  буга күбө. Ал эми  күйүүчү майларга келсек, аерде деле ушул көрүнүш…Кимдир бирөөнүн колуна чыбыкты тарс урса  эле  баары жайына келе түшөт. Анткени, бизде капитализмдин балалык чагы деле эмес, жапайы, капитализмге таптакыр окшобогон бирдеме өкүм сүрүп жатпайбы. Ошон үчүн бийлик анын кабыргасын бурап салышы абзел.