-Быйылкы жыл мурдагы жылдарга караганда башкачаарак болду. Биринчи себеби, дүйнө жүзүн каптап аткан кымбатчылык менен пандемия. Экинчиси, Кыргызстандагы парламенттик шайлоого кыштын каары кошулуп кетти. Бул кымбатчылык ток пейил кенебес кыргыз элин бушайман кылды. Президент Садыр Жапаров буга салмактуу карап, көмүрдүн арзан сатылышына таасир этти. Президент киришкени үчүн Балыкчыда көмүр жол киреси менен 3600 сомдон болду. Көмүр баасын президент кыштын алдында көзөмөлгө алганы акыйкаттык болду. Эл-журтубуз да мамлекетке өлүмтүгүн артпай кыш камын жайда көрсө болмок.