Домой Укук Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү

40

16-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарынын Алыкул Осмонов атындагы мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүрүмдөрдүн арасында бузууларды алдын алуу жана коомдогу жаштардын жашоосундагы активдүү ордун калыптануусуна багытталган.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү окуучуларга өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өспүрүмдөр арасында бузууларды алдын алуу боюнча жаңыча көз караштар тууралуу айтып беришти. Ошону менен бирге, кылмыштарды жана бузууларды жасаган учурлардан кандай жоопкерчиликке тартыла тургандыгы жөнүндө эскертишти.

Аталган чогулуштун жүрүшүндө, ЕККУнун полиция маселелери боюнча Кеңешчиси Константин Бедарев катышуучуларга ИИМдин коомдогу ролу тууралуу айтып берип, милиция кызматкерлери – жарандардын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыздоо боюнча чоң иштерди аткара тургандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, Константин Бедарев жана Көчмө мобилдүү автоунааларынын ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү Ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, өспүрүмдөрдүн жоопкерчиликтүү жүрүшүнө жана өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп бере тургандыгынын маанилүү экендигине катышуучулардын көңүлүн бурду.

Өз кезегинде, окуучулар коноктордун айтып берүүсүнө кызыгуу менен угуп, суроо-жооп талкулоого автивдүү катышып, өзүлөрүнүн жаштар арасындагы бузуулардын алдын алуу багытындагы ой-пикирлерин айтып беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында, ИИМдин жана ЕККУнун өкүлдөрү окуучуларга окуу жылын ийгиликтүү аяктоолорун каалап, көчөдө, коомдук жайларда, коомдук унааларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана Мекенин сүйүүгө чакырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы