Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2021-жылдын сентябрь айында медицина кызматкерлерине 44 миллион 396 миң 84 сом компенсация төлөндү.
2021-жылдын октябрь айында саламаттыкты сактоо уюмдарынын 3931 кызматкерине, анын ичинде COVID-19 менен күрөшүүгө катышкан 825 дарыгерге, 1599 медайымга, 535 фельдшерге жана 972 башка кызматкерлерге компенсация төлөндү.
Республиканын шартында ай сайынгы компенсациялык төлөмдөр:
– Бишкек шаарында болгону 2483 кызматкер (538 дарыгер, 983 орто, 184 кенже жана 778 башка персонал) тартылган. Төлөмдөрдүн суммасы – 23 млн 176 миң 387 сом;
– Чүй облусу боюнча 457 гана кызматкер тартылган (149 дарыгер, 201 орто, 95 кенже жана 69 башка персонал). Төлөмдөрдүн суммасы – 7 млн 188 миң 520 сом;
– Ош облусу боюнча 276 гана кызматкер тартылган (92 врач, 86 орто, 107 кенже жана 26 башка персонал). Төлөмдөрдүн суммасы – 3 млн 935 миң 160 сом;
– Баткен облусу боюнча болгону 68 кызматкер тартылган (13 дарыгер, 36 орто, 13 кенже жана 6 башка персонал). Төлөмдөрдүн суммасы – 873 миң 988 сом;
– Жалал-Абад облусу боюнча 82 гана кызматкер тартылган (15 дарыгер, 39 орто, 21 кенже жана 7 башка персонал). Төлөмдөрдүн суммасы – 1 млн 692 миң 758 сом;
– Ысык-Көл облусунда болгону 352 кызматкер (75 дарыгер, 159 орто, 69 кенже жана 49 башка персонал) тартылган. Төлөмдөрдүн суммасы – 5 млн 113 миң 155 сом;
– Нарын облусу боюнча 81 гана кызматкер тартылган (анын ичинен 19 дарыгер, 30 орто, 16 кенже жана 16 башка кызматкерлер). Төлөмдөрдүн суммасы – 770 миң 751 сом;
– Талас облусу боюнча болгону 226 кызматкер (16 дарыгер, 65 орто, 30 кенже жана 21 башка персонал) тартылган. Төлөмдөрдүн суммасы 1 миллион 645 миң 365 сомду түзөт.