Домой Укук Ички иштер министрлиги шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет

Ички иштер министрлиги шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет

9

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана өткөрүү мезгилинде Ички иштер министрлиги тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иш жүргүзүүдө.
Добуштарды сатып алуу, административдик ресурс колдонуу фактылары боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.
Ошону менен бирге шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдуулукту сактоого, бири-бирине урмат-сый жана кайрымдуулук мамиле жасоого чакырабыз.
Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери б.а. 2021-жылдын 29-октябрынан 17-ноябрдын саат 8:00гө чейин ички иштер органдары тарабынан 158 мыйзам бузуу катталып, анын ичинен 28 кылмыш жана 37 жорук, мындан тышкары Электрондук маалымат журналына 93 ар кандай билдирүүлөр катталган.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси «Шайлоочуларды сатып алуу» 21 факт, 186-беренеси «Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу» боюнча 2 факт, 200-беренеси «Уурдоо» боюнча – 2 факт, 355-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» -1 факт, 145-беренеси «Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» — 1 факт, 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча – 1 факт катталган.
Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 87-1-беренеси «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» боюнча 18 факты, 119-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча 2 факт, 94-беренеси «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу» боюнча -8 факт, 90-беренеси «Анча чоң эмес өлчөмдө уурдоо» — 7 факт, 66-беренеси «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү»- 1 факт. 96-беренеси боюнча «Башка бирөөнүн жер участогун өзүм билемдик менен басып алуу» -1 факты катталган.
Мындан тышкары, ИИОнун Электрондук маалымат журналына 93 ар кандай материалдар катталган, анын ичинен 56 факт боюнча материалдар териштирилип аныкталбагандыктан номенклатуралык ишке чыгарылган, 8 факты боюнча материалдар башка сотко чейинки өндүрүш иштерине бириктирилип каралууда, ал эми 17 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларына карштуулугу боюнча изилдөө үчүн жиберилген. Ошондой эле 12 материал учурда каралууда.

Ички иштер министрлиги эскертет: шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелери боюнча каралган.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси боюнча
191-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу
1. Жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу, —
IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып салууга жазаланат (IV категориядагы коомдук ишткрге: 280ден 360 саатка чейин жоопко тартылат же III категориядагы түзөтүү жумуштарына: 2 жылдан 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат же IV категориядагы айып пул: 180 миңден 220 миң сомго чейин айып пул салынаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).
2. Шайлоо комиссияларынын, референдум өткөрүү боюнча комиссияларынын ишине шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын, же болбосо шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан ишине кийлигишүү жолу менен, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун же кызмат абалын пайдалануу менен тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсепке алуу маселелери же башка маселелер боюнча талап коюу же көрсөтмө берүү, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо, —
IV категориядагы коомдук иштерге же III категориядагы түзөтүү жумуштарына, же IV категориядагы айып пул салууга жазаланат (IV категориядагы коомдук иштерге: 280 ден 360 саатка чейин жоопко тартылат же III категориядагы түзөтүү жумуштарына: 2 жылдан 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат же IV категориядагы айып пул: 180миңден 220мин сомго чейин айып пул салынаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосундар, —
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып пул салууга жазаланат (IV категориядагы түзөтүү жумуштарына: 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин жазаланат же V категориядагы айып пул салуу: 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).

192-берене. Шайлоочуларды сатып алуу
1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды төлөп берүү, же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга өбөлгө түзүү жолу менен шайлоочуларды сатып алуу —
IV категориядагы айып пул салууга жазаланат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун —
V категориядагы айып пул салууга же 1 категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат (IV категориядагы айып пул: 180 миңден 220 миңге чейин айып пул салынат же I категориядагы эркиндигинен ажыратуу: 2 жыл 6 айга чейин жазаланаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).

193-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу
Талапкердин, саясий партиянын, шайлоо өнөктүгүн референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:
1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири суммадагы акча же башка материалдык каражаттарды берүү;
2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаларга жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;
3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдум демилгесин жылдырууга багытталган, тиешелүү шайлоо фондунан акысын төлөөсүз же тиешелүү шайлоо фондунан негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
4) алмаштыруучу адамдар аркылуу шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, —
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул Кодекстин 193 жана 194-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде каралган жосунду жасаган учурга карата шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын, референдум фондусунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок ошол эле учурда 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.
(IV категория — 4 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категория: — 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же V категория: 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынат же I категориянын негизинде: — 60 миңден 100 миң соиго чейин айып салынат же I категория эркиндигинен ажыратуу: 2 жыл 6 айга чейин жоопко тартылаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).

194-берене. Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу
Талапкердин, саясий партиянын талапкеринин же референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй жолдор менен жасаган аракеттери:
1) шайлоо фондуна, референдум фондуна түшпөгөн каржы же материалдык каражаттарды шайлоо өнөктүгүн өткөрүү же референдумду өткөрүү демилгесин жылдыруу максатында ири өлчөмдө пайдалануу;
2) шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондусунун атайын эсебине которулган кайрымдуулук каражаттарын ири өлчөмдө чыгымдоо, —
IV категориядагы белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга же I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (IV категория — 4 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга же IV категория: — 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же V категория: 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынат же I категория, айып пул: — 60 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же I категория эркиндигинен ажыратуу: 2 жыл 6 айга чейин жоопко тартылаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).

195-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо
1. Шайлоо документтерин, референдум документтерин бурмалоо, добуштарды билип туруп туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын билип туруп туура эмес белгилөө, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошого тете саясий партиянын, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укукту өкүлү тарабынан жасалса, —
IV категориядагы түзөтүү жумуштарына же V категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (IV категория: 2 жыл 6 айдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же V категория: 220 миңден 260 миң сомго чейин айып пул салынат эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат же I категория эркиндигинен ажыратуу: 2 жыл 6 айга чейин жоопко тартылаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).
2. Төмөнкүлөр жасалган ошол эле жосундар:
1) шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы тарабынан;
2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен, —
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (IV категориядагы айып пул: 180 миңден 220 миңге чейин айып пул салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат же II категориядагы эркиндигинен ажыратуу 2 жыл 6 айга чейин жоопко тартылаары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган).

Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодекси боюнча

87-берене. Шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү
шайлоочунун башка адам үчүн добуш берүүсү, буга тете эле ошол эле максатта ушундай аракеттерге кошо катышуусу,
— II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (II категория: — 30 миңден 60 миң сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн негизинде айып пул салынат Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган).

87-1-берене. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу
1. Талапкерлер, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын жетекчилеринине административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга тыюу салынат,
— II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. (II категория: — 30 миңден 60 миң сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн негизинде айып пул салынат Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган).
2. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар, уюмдар жана жетекчилерине тыюу салынат, — II категориядагы айып түрүндөгү жазага алып келет (II категория: — 30 миңден 60 миң сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн негизинде айып пул салынат Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган).

87-2-берене. Шайлануучу кызмат ордуна талапкердин билип туруп анык эмес маалыматтарды берүүсү
1. Анык эмес маалыматтарды, документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы жоктугу тууралуу документти жашыруусу, —
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет (I категория: — 20 миндең 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган)
2. Мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан тыйу салынат -I категориядагы айып түрүндөгү жазага алып келет (I категория: — 20 миңден 30 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган).

Ошол эле учурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан Жазык кодексинде каралган башка беренелери боюнча, анын ичинде 186-беренеси «Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу», 200-беренеси «Уурдоо», 355-беренеси «Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү», 145-беренеси «Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» жана 266-беренелери (Бейбаштык) боюнча катталып тергоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси «Майда бейбаштык», 94-беренеси «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу», 90-беренеси «Анча чоң эмес өлчөмдөгү уурулук», 66-беренеси «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү», 2-ст. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси «Башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу» менен катталып процесстик чечимдер кабыл алынууда.

Мыйзамдуулукту, укук тартибти жана жарандардын шайлоо укуктарын бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги мыйзам чегинде чараларды көрөт.
Биз бардыгыныздарды, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө ар кандай чагымчыл иштерди уюштурбоого, атайылап жалган билдирүүлөрдү таркатпоого чакырабыз.
Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча жарандар ички иштер органдарына — 102 телефону аркылуу билдире алышат.

ИИМдин Басма сөз кызматы