Домой Жаңылыктар Борбор калаада бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып...

Борбор калаада бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды

353

Борбор калаада  бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды.

Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. УКМК кайсы талапкер экенин ачыктаган эмес. Расмий маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин негизинде («Шайлоочуларды сатып алуу») Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Атайын кызмат шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда кармалган адам Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча талапкерлердин биринин С.М.О. аттуу ишенимдүү адамы экенин билдирди.

«Кандидаттын жакын тууганы болгон С.М.О. шайлоо мыйзамын бузуу менен Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө соттун санкциясы менен акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Кармалган кишинин унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты алынган», — деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Шектүү сурактын жыйынтыгы менен Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

УКМК депутаттыкка талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдары жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

УКМК депутаттыкка талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдары жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек шаары боюнча), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:
• Чүй облусу: (0312) 54-07 19;
• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
• Ош облусу: (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
• Талас облусу: (03422) 5-20-43;
• Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.