Домой Жаңылыктар Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен эки багытта рейд өткөрүлдү

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен эки багытта рейд өткөрүлдү

236

Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен, Талас облусунун аймагында 2021-жылдын 10-11-ноябрь күндөрү, «Мал ууру» жана «Автоиздөө-Касапчы» аталышындагы рейди өткөрүлдү.

Рейдтин жүрүшүндө ар бир мал уурулук фактысы боюнча кошумча иш-аракеттер белгиленип, ошондой эле ар бир катталган жол унаа кырсыктарына тиешелүү фактыларын аныктоо, айдап качуу кылмыштарына бөгөт коюу боюнча кошумча иш-аракеттерине тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Аталган иш-чаралардын негизинде облус аймагында жайгашкан мал базарлар, мал союлуучу, тери алуучу, эт сатуучу жайлар жана автоунаа оңдоочу, автоунаа тетиктерин сатуучу жайлардын ээлери менен профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Мындан тышкары рейд учурунда мурда болгон аркандай маанидеги 13 кылмыштын бети ачылган. Рейд учурунда 7 факты алдамчылык, 3 уурулук, издөөдө жүргөн 2 жаран кармалган, жол кырсыгы-1 жана жалпысынан 150 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексинин негизинде 50 протокол толтуруп, мас абалында унаа башкарып жүргөн 2 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген.

Талас ОИИБнын басма-сөз кызматы