Домой Без рубрики Көмүрдүн баасын кымбаттаткандар болсо ыкчам комиссияга чалсаңыздар болот

Көмүрдүн баасын кымбаттаткандар болсо ыкчам комиссияга чалсаңыздар болот

40

Эми көмүрдү башаламан саткандарды көзөмөлдөгөн комиссия түзүлөт. Алар отундун белгиленген баада сатылышын камсыз кылышат.

Көмүр рыногундагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ыкчам иш алып барган комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдирди.
Баалар башаламан кымбаттаса комиссияга кайрылуу керек.
«Комиссия көмүрдү башаламан баада сатууга жол бербөө жана аны аныкталган, туруктуу баада сатуу үчүн көмүр ташуучуларды стационардык отун базаларына жөнөтүү максатында түзүлдү», — деп айтылат билдирүүдө.
экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди.
Көмүрдүн кымбатташы, салмагынын аздыгы, көмүрдүн туруктуу аныкталган баанын жоктугу, уруксаты берилбеген жерде соода кылган жарандар боюнча ыкчам комиссияга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот:
• Бишкек, Чүй облусу: (0312) 66-52-04, (0552) 33-46-26, (0551) 08-88-57;
• Ош шаары, Ош облусу: (03222) 7-00-25, 5-50-97, (0770) 55-52-22;
• Ысык-Көл облусу: (03922) 3-18-86, (0777) 15-04-75;
• Талас облусу: (03422) 5-58-51, 5-21-25, (0701) 13-13-81;
• Нарын облусу: (03522) 5-09-53, (0703)-86-86-38;
• Жалал-Абад облусу: (03722) 7-00-25, 7-02-23, (0777) 84-20-06;
• Баткен облусу: (03622) 5-51-49, 5-03-23, (0770) 14-87-50.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги буга чейин өлкөдө көмүрдүн баасын бекиткен. Ага ылайык, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон ашпаш керек.