Домой Без рубрики Кайырбюбю Абдыкадырова: «Адахан Кимсанбаевич, Баткен эли Жеңиш Раззаков экөөңөргө наалат айтып жатат»

Кайырбюбю Абдыкадырова: «Адахан Кимсанбаевич, Баткен эли Жеңиш Раззаков экөөңөргө наалат айтып жатат»

100

Мигрант Кайырбюбю Абдыкадырова Адахан Мадумаровго  жооп кайтарды.

Адахан Кимсанбаевич сиз «протокол деген бул документ эмес, президент аны менен туалетке барып койсун» деп эл алдында суйлөдүңүз.  Албетте, биздин президент ошол сиз кол койгон протокол менен эбак эле туалетке барып койсо керек. Бирок, тажик президенти ошол протокол менен туалетке барбай жатпайбы. Алар үчүн сиз 2009-жылы кол койгон протокол юридикалык документ болуп жатпайбы. Ал документ кайрадан эки тараптуу макулдашуу менен гана жокко чыгаарын карапайым калк түшүнбөй жатпайбы. Сиз ошол карапайым калктын түшүнбөстүгүнөн пайдаланып, ал документ юридикалык күчкө ээ эмес деп булбулдай сайрап жатасыз.

Чек ара маселесинин ар бир метр талаш жери протокол менен бекилип, кийин макулдашууга өтөөрүн карапайым калк билбесе да сиз жакшы билесиз.
Азыр Эмануель Рахмон ошол 12 жыл мурда сиз кол койгон протоколго таянып, 4 көчө маселеси боюнча 12 жыл мурда эле чечилген, ал биздин жер, Мадумаровуңар кол койгон, аныңар да мамлекеттик кызматкер болчу деп жатпайбы.

Садыр Жапаров болсо Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Мадумаровду Худжанд шаарына эч ким жиберген эмес. Мен ал протоколду тааныбайм, 4 көчө маселесин жаңы протокол менен кайрадан карап чыгалы деп жатпайбы. Рахмон болсо макул болбой жатат.

Кудай биздин президентибизге күч кубат берип, 4 көчөбүздү кайтарып алсын деп тилейли.

Ал протокол туалетке барчу кагаз болсо 2009-жылы Тажиктердин Худжант шаарына барып, эмнеге кол койдуңуз эле?
Ал жакка барууга сизге ким укук берди эле, ким жиберди эле?
Сиз ал мезгилде болгону секретарь экенсиз. Чек араны өкмөт, парламент, президент чече турган укугу бар.
Башка эч кимдин укугу жок. Ал протоколго кандайча кол коюп калгансыз?

Эл арасында  аракка  тоюп алып, эс учун билбей калып кол коюп берип келишкен  деген сөздөр бар. Кыскасы, кыргыздын жерин Тажиктерге ээлик кылууга аракет кылган Жеңиш Раззаков  экөөңөргө тең Баткен эли наалат айтып жатат.