Домой Саясат Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин орун басары: «Президент эл көрсүн деп силерге окшоп...

Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин орун басары: «Президент эл көрсүн деп силерге окшоп иш кылбайт, керек болсо түнкү саат үч, төрттөрдө да телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат»

278
Министрлер кабинетинин орун басыр Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевге фейзбуктагы баракчасынан анын койгон дооматтарына жооп жазды.
Президенттин Министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден, президент эл көрсүн деп популисттик менен силерге окшоп иш кылбайт.
Экинчиден, керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо түнкү саат 3-4төрдө телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат.
Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат. Муну көп эле жолу көрүп жүрөбүз. Министрлер калп айттырбайт. Негизги министрлерди бир жумада бир эки жолу эмес, күндө чогултат.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасын күн сайын чакырып, ал аркылуу да бир топ тапшырмаларды берип турат.
Андыктан, сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп, акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин.
Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок. Болду эми, жетишет да! Эл дагы баарын көрүп, билип турат. Бийликти жөнү жок сындай берүүгө эч кандай олуттуу жүйөө жок. Негизгиси эл, мамлекет үчүн иш жүрүп жатат. Буйруса, Кыргызстан силердин популисттик кеп-кеңешиңерсиз деле гүлдөгөн мамлекеттердин бирине айланат.
Кыргыз элибиз айкөл, кечиримдүү элбиз да.
Ошон үчүн сиз бүгүн эл аралап талапкер болуп эл алдында сүйлөп жүрөсүз.
Сиз азыр элдин таразасына туруп атасыз. Президент  мурда  болбогондой таза жана айкын шайлоо өткөзүү боюнча тапшырма берди. Эл күбө: эч кымындай административдик ресурс бир да тарапка иштетилбей, кийлигишүү жокко эсе! Эл аралык коомчулук да көрүп турат. Бирок, президент жооп бербейт деп эле, аны бир тараптуу каралоого да жол бербейбиз. Түзүлгөн жаңы Өкмөт конституциялык мандатка ээ. Толук кандуу иштеп атат. Конструктивдүү сын айтылсын. Азыркы абалга кимдер жооптуу экенин Элибиз жакшы билет! Акыйнек айтышып, муруңкуларга шылтай бергенге азыр бир мүнөт убакыт да жок. Ошондой болсо дагы, биз жоопсуз калтырбайбыз ар кандай асылууларды. Эл чечсин кимдики чын. Шайлоонун максаты ошондо эмеспи!