Домой Саясат Мирбек Маниясов: “Түрк  мамлекеттер уюмунун 20 жылды камтыган стратегиялык документти кабыл...

Мирбек Маниясов: “Түрк  мамлекеттер уюмунун 20 жылды камтыган стратегиялык документти кабыл алышканы мактоого татырлык иш болду”

63

-Мирбек Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды. Ал жыйын Кыргызстан үчүн пайдалуу болдубу?

-Менимче Түрк кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп аталганы эң туура болду. Анткени, буга чейин башка мамлекеттер да, мисалы араб өлкөлөрү да, англо тилдүү мамлекеттер да өз  уюмдарын түзүшкөн.

Түрк мамлекеттер уюмунун  инвестициялык фондун Бишкек шаарына жайгаштыруу чечими кабыл алганы Кыргызстан үчүн эң пайдалуу болду. Эми Түрк дүйнөсүнүн тарыхы, маданияты даңазаланып,  Түрк  мамлекеттер уюмуна  мүчө болгон мамлекеттердин окумуштуу, тарыхчылары тарабынан көтөрмөлөнүп, мектеп программаларына чейин кирет. Эң негизгиси президенттер Түрк дүйнөсүнүн көз карашын чагылдырган  20 жылды камтыган стратегиялык документти кабыл алышканы мактоого татырлык иш болду.