-Каныбек агай, кечээ Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммити болуп өттү. Ал саммитте Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды. Бул туура эле чечим болдубу?
-Түрк кеңеши 2009-жылдын 3-октябрында Азербайжандын Нахичевань шаарынды алгачкы жолу уюшулганын билебиз. Эми минтип 12-ноябрда Стамбулда ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРИНИН УЮМУ болуп кайрадан өзгөрүлүп аталды. Тарыхка кайрылсак 1922-жылы СССР жаңыдан түзүлгөндө дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкө катары эл аралык деңгээлде Түркия өзү эле жалгыз таанылып калган. Кийин гана, башкача айтканда, СССР тараган соң, 1992-жылдын 30-октябрында ошол кездеги Түркиянын президенти Тургут Озалдын демилгеси менен Анкарада биринчи жолу «Түрк өлкөлөрүнүн саммити» уюштурулду. Ал иш-чарага Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин лидерлери катышып, алар саясий жана экономикалык биримдикти түзүү боюнча ойлорун жарыя кылышкан. 1993-жылдын 12-июлунда Алматыда Түрк маданиятынын Эл аралык уюмун түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондон бери бул уюм абдан жемиштүү иштеп келди. Аны баарыбыз эле сезип келебиз. Азыр дүйнөлүк кызматташтык уюмдар өз ара мамилелерин кайрадан карап чыга башташты. Анткени, акыркы зор өзгөрүүлөр көптөгөн жаңы чакырыктарды талап кылып жатат. АКШнын Афганистандан чыгып кетүүсү, батыш өлкөлөрүнүн саясий-экономикалык кризиске бата баштаганы, нефть продукцияларынын кескин кымбатташы, глобалдык климат менен абанын тазалыгынын чукул начарлашы, COVID пандемиясы, жана башка масштабдуу окуялар баардык өлкөлөрдүн тынчын алып койду. Ошондуктан түрк тилдүү өлкөлөр дагы өз ара тутумдаш уюмун жаңы баскычка көтөрүү аракетин көрдү. Муну биз туура кабыл алуубуз зарыл. Стамбулдагы чечим эң туура болду. Жаңы аталыштын алкагында мурдагыдан дагы жогору болгон өз ара милдеттер жана укуктар каралып жатат. Мен негедир ХХ кылымдын башында жандана түшкөн «Туран» биримдигин эстеп кеттим. Анын эмнеси жаман? Азыр түрк дүйнөсү Жер шаарында абдан динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип калды. Акыркы саммитте президенттер «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040» аттуу келишим-чечимге кол коюшту. Бул абдан күчтүү документ! Бул стратегиялык чечимге ылайык, алдыдагы 20 жылга карата түрк тилдүү өлкөлөрдүн «жолдук картасы» түзүлүүдө. Багыттары дагы көп кырдуу: коопсуздук сферасы, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технология, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл-чарбасы, маданият, билим берүү жана илим, жаштар саясаты жана спорт, диаспоралар менен иштөө, ж.б. Менимче азыр биздин лидерлер бул маанилүү уюмга чечкиндүү көз караштарын буруп, аны катуу өнүктүрүүнүн жолуна түшүшкөндөй. Бул эң сонун көрүнүш!
— Президенттин Түркияга барган сапары жемиштүү болдубу?
-Президент Садыр Жапаровдун Стамбулдагы иш-сапары абдан жемиштүү болду. Саммиттин алкагында биздин лидер бир топ чечкиндүү сунуштар менен чыкты. Алсак, анын сунушу катары жарыяланган «Борбордук Азия — дүйнөлүк аймак» аттуу платформасы кызуу талкууланып жатат. Албетте, бул демилгеге азыркы Афганистанда орун алып жаткан геосаясий окуялар себеп болууда. Бул абалды тынчтык жолу менен гана чечүү керек экендигин, баса белгиледи, биздин президент. Ошондуктан Борбордук Азия чөлкөмүн тынчтыктын, достуктун жана ак-пейил кызматташтыктын аймагына айландыруу зарыл экендигин түшүнүшүбүз керек. Президенттин экинчи сунушу дагы кызыктуу. Ал Бишкекке Түрк инвестфондунун штаб-квартирасын жайгаштыруу демилгесин көтөрдү. Ал үчүн биздин баш калаабызда баардык шарттар жетиштүү экендигин билдирди. Мындай сунуш биздин Кыргызстан үчүн кандай маанилүү жана пайдалуу болоорун, биз кыргыздар, илгиртпей сезишибиз керек жана ар тараптан колдообуз зарыл. Садыр Жапаровдун түрк бизнесмендери менен жолугуусу дагы көп пайда алып келе турган иш-чара болду. Ушул күндө эле Кыргызстанда түрктөрдүн 300 дөн ашуун ишканалары ачылып, анда 5 миңден көп кыргызстандыктар эмгектенишет экен. Бул көрсөткүчтөрдү күчөтүүнүн жолдору бар экендиги белгиленди. Менимче, буга толук шарттар бар. Президенттин өзү ушул маанилүү жагдайга көңүл буруп жаткандыгы жакшы жышаан. Кыргызстан өзүнүн геосаясий ордун экономикалык кызматташтык менен байланыштырып, Түркия менен Азия өлкөлөрүнүн ортосуна пайдалуу «көпүрө» болуп берээри анык эле болуп турбайбы? Демек мындай ыңгайлуу шарттарды сөзсүз колдонуубуз керек.
-Айрымлар эми россия кысымга алып, өгөйлөшү мүмкүн деген ойлорду айтышууда. Бул боюнча не дейсиз?
— Россия — дүйнөдөгү ири империялардын бири. Ал биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз менен орус эли бир жарым кылымдан бери эле ар түрдүү форматта аралашып жашап келишет. Бул тарыхый феноменди эч кимибиз чанып кете албайбыз. Бирок, биз эгемендүү өлкө болдук. Көп вектордуу саясат жүргүзүү багытына ыңгайлашып жашап келебиз. Россия менен биз бир нече эл аралык уюмдарга дагы киргенбиз. Бирок, бул жерде көптөгөн кылымдардан бери эңсеп келинген түрк тилдүү элдердин кызматташтыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Бир эле биз эмес, өзбек, казак, түркмөн, азербайжан боордошторбуз дагы бул союзду жактырышты. Анын эмнеси бар экен? Россия Нахичевань келишиминен бери эле бул уюмду байкап-көрүп келүүдө. Анын үстүнө, Россиянын өзүндө да бир топ түрк тилдүү улуттар бар. Алардын саны ого эле көп. Келечекте, Россия өзү дагы бул уюмга кирип калуу мүмкүнчүлүгү бар. Эмнеге болбосун? Мына Венгрия Түрк уюмуна кирүү ыктымалдуулугун билдирип жатат го? Эл аралык уюмдар өздөрүн көрсөтүүгө жана позицияларын чыңдоого ар дайым аракет кылышат. Бул түшүнүктүү эле көрүнүш! Ошондуктан Россиянын «каары» өздөрүнө дагы зыян келтирип калышын түшүнүшүп, акыл калчап карап турушат деген ой бар, менде.