”- Алмазбек агай, Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммитинде Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды. Эми Россия муштумун түйбөйбү?
— Биз эгемен мамлекетпиз, ким менен, кандай келишимдерге кол коёбуз, өзүбүз чечебиз. Эгемен мамлекеттин эң биринчи жана негизи ошол да…
Түрк мамлекеттеринин шериктештиги бул биздин Россия жана башка СНГ, ОДКБ сыяктуу эл аралык уюмдарга кирген мамлекеттерге каршы эмес да…Түрк Шериктештигине биз мурун эле мүчө болуп келгенбиз, аны Россия деле, башка дүйнөлүк мамлекеттер деле туура түшүнүп келген… Биз НАТОго кирсек анда Россия кабатыр болсо болот эле…