Калк арасында милицияга болгон ишенимди жогорулатуу максатында Ноокен райондук жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.
Ноокен районундагы №4, №30 жана №31 мектептердин жогорку класстарынын мыкты окуучулары милициянын бир күндүк иши менен таанышышты. Ал эми Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери №13 мектептин окуучулары «Тынчтыкты куруучулар» клубунун мүчөлөрү менен жолугушуп, 6-9 класстардын лидер окуучуларына милициянын иштөө процессин көрсөтүштү.
Мектеп окуучуларын ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилик курамдары тосуп алышып, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Андан соң нөөмөт бөлүмдөрүнүн, тергөө кызматынын, ыкчам криминалистердин, участкалык инспекторлордун, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин бир күндүк иштөө процесси тааныштырылды. Ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иш бөлмөлөрү көрсөтүлүп, мурда жетекчи болуп иштеген кызматкерлер тууралуу маалыматтар берилди. Жыйындар залында жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштар жасалса кандай жоопкерчиликке тартылаары, алардын укуктары жана милдеттери айтылды. Ошондой эле окуучуларга атайын китепчелер таратылып, кылмыштуулуктан алыс болуу керектиги эскертилди. Соңунда мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, эстеликке сүрөткө түшүштү.
Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы