Домой Укук Жаныш Бакиевдин портрети алынды

Жаныш Бакиевдин портрети алынды

239

Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт.

Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Ж.Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган.

Бирок, бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды.

Эске салат кетсек,Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземи болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдаган.

10-ноябрдагы иш-чарага ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев жана аталган кызматтын мурдагы айрым жетекчилери катышты. Милиция тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илинген.