Домой Без рубрики ИИМ: 8 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты менен Нарын облусунун жашоочулары кармалды

ИИМ: 8 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты менен Нарын облусунун жашоочулары кармалды

67

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Токтогул РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, республиканын түштүк аймагынан баңгизаттарды ташуу жолун уюштургандарды аныкташты.
2021-жылдын 14-октябрында түнкү саат 02:00до Токтогул шаарындагы Бишкек –Ош унаа жолунда атайын тергөө амалдарын жүргүзүлүп, 1997-жылы туулган жаран Д.у.И. башкаруусундагы “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде 1996-жылы туулган Т.у.Э. дагы болгон.
Жогорудагы транспорт каражатына тинтүү жүргүзүлүп, багажынан кара түстөгү спорттук сумка табылган. Анын ичинде скотч менен оролгон 15 таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү зат табылган.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат жалпы салмагы 7 килограмм 491 граммды түзгөн гашиш баңгизаты болуп чыкты.
Азыркы учурда кармалган жарандар Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул баңги кылмышына тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы